Menu

Бишкектеги N61-физика-математикалык орто мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды. Анын 150 млн сомдук дүнүйө мүлкү да камакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-августта УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы N61-физика-математикалык орто мектептин директору  Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды.

УКМК билдиргендей Юрий Низовский көп жылдардан бери аталган мектептин директору болуп иштеп жүрүп, окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча жыйноо боюнча туруктуу коррупциялык схем аларды түзүп алган.

Юрий Низовский мектептин 1-классына кабыл алуу үчүн бир нече окуучунун ата-энелеринен мыйзамсыз акча алганы аныкталды. Ошондой эле аталган мектептин алдында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү мекемесине балдарды кабыл алууда акча алган фактылары ыкчам-тергөө иш чараларында тастыкталды.

Юрий Низовский өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн мамлекеттен жашыруу үчүн туугандарына жана ишенимдүү кишилерине каттатып жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Юрий Низовскийдин жакындарына катталган анын 35 кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү  – коттедждери, квартиралары, жер тамдары, дүкөндөрү жана жер участоктору такталды. Бул байлыктарынын баасы 150 миллион сомго жетти.

Ошондой эле Юрий Низовскийдин иш кабинетинде, квартирасында, факт түрүндө жашап жаткан үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлүп, жогоруда аталган мүлктөрүнүн документтери жана чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар табылды.

Юрий Низовский Бишкек шаарындагы N61-физика-математикалык орто мектепте 1991-жылдан бери, 30 жылдан ашык директор болуп иштеп келген.

Кечээ, 9-августта ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

Юрий Низовскийдин айрым мүлктөрүнүн жана тинтүүдөн табылган акча менен куралдарынын сүрөттөрү:

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: