Menu

Сот тажик студентин Кыргызстандан чыгарууну чечти

Бөлүшүү:

Кыргызстандын соту тажикстандык студентти чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген негизде өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

24 жаштагы тажикстандык студент Исмоилхон Усмонов Бишкектеги Кыргыз – Орус Славян университетинин медициналык факультетин жакында эле аяктады. Анын алты жылдык окуусу былтыр кыргыз тажик чек ара жаңжалынан улам үзгүлтүккө учурап, ал мекенине кеткен. Окуу жайдын медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян окуянын кандай болгонун түшүндүрүп берди.

“Былтыр чек ара чырынан кийин тажикстандык студенттердин көбү үйүнө кеткен. Былтыр күзүндө окуу башталганда алар улам чалып, сурап жатып, өкмөттүн буйругунан кийин көбү кайра окууга кайтып келишти. Биз мугалимдерди бөлүп, аларды окуу программасынан артта калбасын деп аракет көрдүк. Кайтып келген студенттердин арасында чек арадан мыйзамсыз өткөндөр бар экени маалым болду. Ал кантип өткөнүн айтып берген жок, болгону “окууга келиш үчүн ушул кадамга бардым” деп түшүндүрдү. Ал жигит алты жыл бизде акы төлөп билим алды. Акчасы, мээнети текке кетишин каалаган жокпуз. Ушундан улам биз сынактарга катыштыруу боюнча атайын уруксат кагазын алдык. Ошентип, окуусун аяктагандан кийин соттун чечими чыкты. Аны менен кошо кайтып келген башка студенттер да сессияга, сынактарга катышты”.
2020-2021-окуу жылында бул окуу жайда тажикстандык 79 студент билим алган.

5-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Исмоилхон Усмоновду “Чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген берене менен күнөөлүү деп тапкан.

“Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүдө күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин пайдасына 80 000 сом айып салуу жазасы белгиленди. Усманов айып түрүндөгү жазаны толук аткаргандан кийин, тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы жокко чыгып, ал Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылат”, – деди Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар чыгып турат. Алардын эң ириси өткөн жылы апрелдин соңунда катталган. Анда эки тараптан 50дөн ашуун киши каза таап, 200дөй адам жараат алган. Жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан.

Былтыр күзүндө кыргыз өкмөтү тажикстандык студенттер менен катар айрым жарандарга чек арадан өтүүгө уруксат берген.

“Студенттер жана мугалимдер Билим берүү министрлигинен бергилген уруксат кагазы менен мыйзамдуу түрдө чек арадан өтө алышат. Демек кылмыш иши чек араны мыйзамсыз өткөн учурда гана козголот. Ошондой эле элчиликте же эл аралык кызматта иштеген тажикстандык жарандарга, этникалык кыргыздарга да өтүүгө уруксат берилген. Мындай шартта чек ара толугу менен жабылды деп айтууга да болбойт”, – деди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын өкүлү Нурланбек Жалбиев.

Билим берүү министрлигинин маалыматында былтыр Кыргызстандын окуу жайларында тажикстандык эки миңге жакын студент билим алчу. Алардын азыркы так саны белгисиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: