Menu

Кыргыз жараны Наргиза Айтматова Россияда 7 жаштагы уулун бөйрөк жана башка адам органдарын сатуу боюнча топторго да жарнама кылган

Бөлүшүү:

Россиянын Екатеринбург шаарынын полициясы 9-августта 36 жаштагы кыргыз жараны Наргиза Айтматованы өзүнүн 7 жаштагы уулун 300.000 рублге сатып жаткан жеринен кармады.  Бул тууралу Россиянын e1.ru басылмасы бир нече жолу жарыялады.

Наргиза Айтматова “вКонтакте” социалдык тармагындагы бир нече топторго, анын ичинде бөйрөк алмаштыруу үчүн бөйрөк издеген жана башка адамдын ички органдарын трансплантациялоо боюнча топторго баласын берүү боюнча жарнама жарыялаган.

Ыктыярчылар жарнамадагы телефондун номери боюнча чалышканда Наргиза Айтматова баласынын сатуу баасын 300 миң рубль деп баалаган. Андан сырткары 7 жаштагы уулу биринчи күйөөсүнөн экенин жана аны экинчи күйөөсү жактырбай жатканынан сатып жатканын билдирген.

Экинчи күйөөсүнөн да эки баласы бар экенин ошондуктан чоң уулун ичиндирип-кийиндирүүгө кудурети жетпей жатканын айткан.

Үч айга созулган макулдашуулардан кийин баланы сатып алуучулар   Екатеринбургдун  “Карнавал” соода-көңүл ачуу борборунда жолугушуп, баланы сатып алууга макул болушкан.  Бирок “Альтернатива” ыктыярчылар тобунун өкүлдөрү бул тууралу полицияга билдиришип, Наргиза Айтматова кардарларга баланы өткөрүп берип, акчаны алгандан кийин полиция аны кармаган.

Макулдашылган жерге Наргиза Айтматова уулунун бардык документтерин анын ичинде медициналык картасын да ала келген.

Наргиза Айтматова өзүнүн 7 жаштагы уулуна аны сатып жатканын айткан эмес.  Жөн гана сени атаңдын туугандарына өткөрүп берем деп түшүндүргөн.

Кармалгандан кийинки тергөө учурунда Наргиза Айтматова өтө деле кедей эмес экени, экинчи күйөөсү менен Екатеринбург шаарында эки бөлмөлүү квартирасы бар экендиги жана заманбап жер там салып жатышкандыгы, күйөөсүнүн айлыгы 120 миң рубль экендиги белгилүү болгон.

Полиция РФ Кылмыш кодексинин 127.1 – беренесинин 2-бөлүмү (жашы жете элек адамдарды сатуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул берене боюнча айыпкер 10 жылга чейин соттолот.  Ал эми Екатеринбургдун Верх-Исетский райондук соту Наргиза Айтматованы үй камагында калса Кыргызстанга, туугандарына качып кетиши мүмкүн деген шек менен 2 айга, 8-октябрга чейин камакка алды.

Наргиза Айтматова буга чейин этил спиртин мыйзамсыз сатуу боюнча полицияга кармалып, административдик жаза алганы да айтылды.

Ал эми КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Екатеринбургдагы Генералдык консулдугунун өкүлдөрү тергөөчү менен жолугуп, Наргиза Айтматова чын эле кыргыз жараны экендигин, ал абакка алынганын, ага консулдук жардам көрсөтүлөрүн, ал эми баласы Россиянын социалдык мекемесине жайгаштырылганын тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: