Menu

АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Болотбек Борбиев Чикагодогу кыргыз диаспорасы менен жолукту

Бөлүшүү:

12-августта КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.И.Борбиевдин «Kyrgyz Community Center» аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелерди талкуулоо, ошондой эле тыгыз байланыштарды мындан ары да улантуу жана биргелешкен келечек пландарды талкуулоо максатында уюштурулду.

КР Башкы консулу Б.И.Борбиев белгилегендей, КРнын Президентинин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону активдештирүү өзгөчө мааниге ээ милдеттер болуп саналат.

Ошондой эле Башкы консул Чикагодогу кыргыз коомдук диаспора бирикмелеринин өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын учурунда көрсөткөн активдүүлүгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

Ишеним телефону: 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: