Menu

Жети-Өгүздө дүкөндүн кулпусун талкалап, видеокөзөмөлдөөнүн процессорун жулуп, 150 миң сомдук товар уурдап кеткен ууру кармалды

Бөлүшүү:

27 июль күнү  Жети-Өгүз РИИБне арыз менен Тосор айылынын Ж. К. аттуу тургуну кайрылган. Арызында,  26-июль түнү Тосор айылындагы жайгашкан “Ракымжан” дүкөнүнүн кампасынын  эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип,  кассадагы пакетке салынган майда тыйындарды,  витринадагы тамекилерди  жана  видеокөзөмөлдөөнүн  процессорун жулуп,  уурдап кетишкендигин билдирген.  Натыйжада жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген. 

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен  кылмыш иши козголгон.  

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз  райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну. Э.Э.  болуп чыкты. 

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып барып сатып, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып салган. 

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун  аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып,  алар боюнча күнөсүн толук мойнуна алган. 

Райондук  соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. 

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: