Социалдык тармактардын бириндеги “Полит Узник” баракчасына Жетим-Тоо темир кени боюнча жарыяланган видео боюнча Абдил Сегизбаев суракка чакырылып, тергөөнүн суроолоруна жооп берди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Абдил Сегизбаев “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев интернетте жарыялаган маалыматы боюнча: “Интернетте тараган видео бул 2020-жылдагы Президенттик шайлоолор убагындагы видео, андан бери эч кандай соцтүйүндөргө жана интернет булактарына эч кандай постторду же маалыматтарды жарыялабагам” деп айтып берди.
Анын айткандары толугу менен текшерилди.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Абдил Сегизбаев чакырылып тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп берген соң кайра үйүнө кеткен.
Учурда тергөөгө тиешелүү иш чаралар уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ