Кыргызстанда алтын өндүрүүнүн көлөмү 35 процентке өстү. Мындай маалыматтар Евразиялык өнүгүү банкынын отчетунда жарыяланды.
Банктын билдирүүсү боюнча 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда Ички дүң продукция 6,3%ке өстү. Экономиканын мындай өсүшүнө алтын өндүрүү тармагынын салымы чоң, анткени алтын өндүрүүнүн көлөмү 30%дан ашык өскөн. Ошондой эле айыл чарбасы, курулуш, ресторан жана мейманкана бизнесинин жанданышы да чоң таасир берди.
Бирок өндүрүлгөн алтынды чет элге экспорттоо мурдагыга караганда кыскарып кеткен.
Теги: Алтын өндүрүү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ