Menu

Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде алдыңкы 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди

Бөлүшүү:

Жыл сайын эки жолу  Numbeo  кызматынын иликтөөлөрүнүн негизинде жарыяланчу кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен жанашып, алдыңкы 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди. Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыктары Numbeo кызматынын сайтында жарыяланган.

Ага ылайык, Кыргызстан 2022-жылдын I жарым жылдыгында кылмыштуулук боюнча 142 өлкөнүн ичинен 36-орунду ээлеген.

Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексин баалоонун негизинде эсептелет, ал эми 0дөн 19,99га чейинки индекс өтө төмөн кылмыштуулукту билдирет, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору — абдан жогору.

2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 83,16 жана 80,26 индекстери менен Венесуэла жана Папуа-Жаңы Гвинея алдыга чыккан. Бул өтө жогорку кылмыштуулуктун деңгээлин билдирет. Андан кийин Ооганстан (78,19 индекси менен 3-орун), Түштүк Африка (75,37 индекси менен 4-орун) жана Гондурас (74,66 индекси менен 5-орун) турат.

Кыргызстандын кылмыштуулук индекси 55,88ди түзүп, рейтингде 36-орунду ээлеп, кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Россия, Армения Өзбекстан  жана Казакстандан озуп кеткен. Россия бул рейтингде 94-орунда (кылмыштуулук индекси 39,32) болсо, Армения 136-орунду (кылмыштуулук индекси 27,75), Казакстан 47-орунду (кылмыштуулук индекси 53,04), Өзбекстан 104-орунду (кылмыштуулук индекси 33,68)  ээлеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: