Menu

ИИМ: Улгайган аялды тоноого аракет кылган кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлери жалгыз аялдарга кол салган көчө тоноочусун кармашты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 24-июль күнү Бишкек шаарында саат 16:30 чамасында белгисиз болжол менен 30-35 жаштагы адам тоноо максатында аялга кол салган.
Улгайган аял үйдүн кире беришинен кирип бара жатып, ошол учурда артынан кылмышкер чуркап анын колундагы баштыгын алууга аракет кылган. Кылмышкер жабырлануучунун колун жулкулдатып баштыкты ала албай калган, бирок жабырлануучу жерге кулап, жаракат алган. Кылмышкер каалаган максатына жетпей, белгисиз тарапка качып кеткен.
Мыйзамга каршы жосунунун натыйжасында 1951-жылы туулган жаран мээси чайкалып, акыреги сынган деген диагноз менен аймактык ооруканага жеткирилген.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» 206-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыштын бетин ачуу максатында изин суутпай издөө иш-чараларынын комплекси ишке ашырылган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын жана ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында шектүү адам кармалган.
Азыркы учурда кармалган жаран 1994-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган И.С. аттуу жаран, Убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга чейин шектүү катары кармалган жаран бир нече жолу унаа уурдагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар болуусу текшерилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: