7-августта Аламүдүн РИИБнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 2022-жылдын 6 августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылындагы Maryotel мейманканасында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон “Алтын казына” кафесинин кызматкерлери эркине каршы жыныстык катнашта болгонуна байланыштуу чара көрүүнү суранган. Бул боюнча Чүй обустук милициясынан билдиришти.
Аталган окуя боюнча Аламудун РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.
Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ