5-август күнү беттештер башталып, 9-август күнү салтанаттуу ачылыш аземи өткөн Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи бүгүн өттү.
Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Принц Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.
Жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.
Кошумча маалымат: Салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ