Кечээ, 18-август күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну Ы.Б.га башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн айыбы угузулду. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз жаран шаардын пляжында жайгашкан темир дүкөнүн ага маалымдабай башка жерге которуп салганын билдирген. Котору учурунда темир дүкөндүн ылдыйкы бөлүгү сынып, андан арыз ээсине 20 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБНе катталып, кылмыш-жаза кодексинин 216 (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ