Көп сандаган ок атуучу жана жардыруучу кууралдарды мыйзамсыз сактаганы үчүн балмуздак чыгарган “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Анын үйүн жана кабинетин тинтүү учурунда эбегейсиз көп куралдар жана октор, зоотолгон машина жана $540.000 накталай акча табылды.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээлери болуп бир туугандар Журат жана Кайрат Абдуллаевдер катталган.
Журат Абдуллаев УКМКнын абагына киргизилип, кылмыш иши козголду.
Тинтүү учурунда табылган куралдар:
– «БРДМ-2» (Бронотранспортер) атайын техникасы — 1 комплект;
– Калашникова пулемету (танка үчун) — 1 даана, бронетранспортерге орнотулган.
– АКСУ автоматы, номери №93882625;
– «Сайга» мылтыгы, номери №20890019 жана 7 бош магазини менен;
– «Вепрь» автоматы, номери №НИ9595 жана 12 бош магазини менен;
– «Сайга 12К» мылтыгы, номери А09486574 жана бош магазини менен;
– «Hatsan» пневматикалык мылтыгы, 4,5 калибрде;
– 12 калибрдеги мылтык;
– «Вепрь» мылтыгы №1276 ТО6458, 2 бош магазини менен;
– «Тигр» винтовкасы, номери ЛО7501281 оптикалык кароолу менен 6х42 №00602314;
– «Fabarm» мылтыгы, номери 9914596;
– Ф-1 гранатасы;
– «Форд» травматикалык тапанча, сериясы 17Р, номери В1045780 үч бош магазини менен;
– «Sony» планшети, «HP» ноутбугу;
– 7,62 калибрдеги патрондор — 196 даана;
– 5,45 калибрдеги патрондор — 423 даана.;
– 45 калибрдеги патрондор — 59 даана.;
– 5,45 калибрдеги патрондор — 21 даана;
– 12 калибрдеги патрондор — 120 даана;
– 9мм калибрдеги патрондор – 150 даана;
– чачма ок — 3 пачка;
– бронежилет — 1 даана;
– каска — 1 даана;
– кастет — 1 даана;
– «GloFeng» рациясы — 1 даана жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ