Menu

Беларус тарап Курманбек Бакиевди “саясий себептерден улам куугунтукка алынды” деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органына өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге карата Аскердик соттун өкүмүн таануу жана аткаруу боюнча өтүнүч кат жолдоду.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Беларус тарап Бакиевди “саясий себептерден улам куугунтукка алды” деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты.

“Беларустун Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алар анын соттолушун саясий себептерден улам куугунтук катары баалашкан”, – деп билдирди Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алгандар боюнча тагылган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат” деп айткан. Июль айынын башында “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде Бакиев өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго онлайн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: