Menu

Апсамат Масалиевдин көзү өтөрү менен резиденциядагы үйүн балдары мамлекетке өткөрүп берген, ал эми Усубалиевдин, Айтматовдун, Бакаевдин балдары өткөрбөй жатышат

Бөлүшүү:

Кыргызстанды башкарган инсандар Турдакун Усубалиевге, Апсамат Масалиевге, Роза Отунбаевага, Сооронбай Жээнбековго жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго, УКМКнын генералы Анарбек Бакаевге мамлекеттик толук камсыздоодогу “Ала-Арча” резиденциясынан бирден хансарай бөлүнүп берилип, аны “дача” деп тергеп коюшкан. Ал хансарайлардын бардык чыгымдары элдин эсебинен төлөнөт.

Апсамат Масалиевдин көзү өткөндөн кийин балдары ал үйдү дароо мамлкетке өткөрүп беришкен. Ал эми Турдакун Усубалиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Анарбек Бакаевдин балдары ал хансарайларда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик камсыздоодо жашап келе жатышат. Алтургай Чыңгыз Айтматовдун баласы хансарайдын жарымын хирург Мамбет Мамакеевге сатып жиберип, ал да көчүп барып кирип алган.

Буга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбаев жаңы мыйзам долбоорун жазып, мамлекетти башкарган кишилер кызматтан кеткенден кийин 1 айдын ичинде резиденциядагы үйдү бошотуш керек деген норманы киргизип жатат.

Төмөндө мыйзам долбоорунун негиздемесинин текстин толук жарыйлайбыз:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу.

Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде – Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт.

Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.

Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган.

Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес.

Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.

– 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;

– 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салуу маселелерин камтыбайт, демек, жөнгө салуу таасирлерине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоодон өткөрүү үчүн бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: