Баткен райондук сотунун чечими менен буга чейин Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.
Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы ««Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы кармалган.
Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, баасы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. «К.У.О. » Өзбекстан Республикасынан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.
Автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Оперативдүү бажы Кыргыз «К.У.О.» жаранга карата Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ