КСДПчы экс-депутат Рыскелди Момбековдун Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетин бүтүргөндүгү тууралу диплому толугу менен жасалма экендиги аныкталды. Бул фактыны бүгүн, 26-августта журналисттерге УКМК да тастыктады.
КСДПчы Рыскелди Момбеков ал жогорку билими тууралу жасалма дипломун бетке кармап, КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, 5 жыл айлык алган.
Депутат кезинде ал жасалма дипломун көрсөтүп КР ТИМ Дипломатиялык академиясына сырттан окууга тапшырып, экинчи диплом алган.
КСДПчы Рыскелди Момбековдун жогорку билими тууралу диплому жасалма экендиги аныкталгандан кийин Дипакадемиянын Окумуштуулар кеңеши Момбековдун Дипакадемия берген дипломун да жараксыз деп таап, артка чакырып алды. Анткени экинчи жогорку билим алуу үчүн биринчи жогорку билими тууралу диплом аркылуу кыскартылган программада кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ