Menu

УКМК: Алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчиси 1,5 кг алтынды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК Жалал-Абад областынын  Башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

Такталгандай, «О.Т.» фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.

Мындан сырткары, «О.Т.» ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып ал ишине бөгөт коюлду. 

2022-жылдын 26-августунда Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Сосновка» постунан, салонунда ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 кг жакын мыйзамсыз казылып алынган алтынды ташып бара жаткан  «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында «О.Т.» компаниянын башкы биректору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, КР Кылмыш- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК Жалал-Абад областынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: