Menu

УКМК: Чүй облусунун Москва райондук милициясынын тергөөчүлөрү пара алып жаткан жеринен кармалышты

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында акча талап кылуу фактысы боюнча коррупцияга бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 26-августунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды

Аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен «К.И.К.» аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан. 

Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен КР УКМКсына кайрылган. 2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-августунда КР ИИМдин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: