Menu

Садыр Жапаров: Кумтөрдүн алтынын мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, биринчи Элдик курултайды өткөрүүнүн маани маңызы тууралуу айтып берди.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич, саламатсызбы!

“Кумтөр” алтын кени Кыргызстанга өткөн соң кенен маалымат берем дедиңиз эле. Белгилүү болгондой, алтын кен бизге өттү. Учурда коомчулукта “19 тонна алтын жок, 21 тонна алтын кайда кетти? “Кумтөрдүн” алтыны кайда? Жаратылышка келтирилген зыян үчүн салынган айыптан эмнеге баш тарттык?” деген суроолор жаңырууда. Кенге байланыштуу кененирээк айтып берсеңиз, абал кандай?

 Ооба, Кудайдын буйругу менен “Кумтөр” өз элибизге өттү. Былтыр 17-майда тыштан башкаруу киргизип, өз көзөмөлүбүзгө алганбыз. Эмне үчүн тыштан башкаруу киргизгенбиз? Себеби келишимдер боюнча “Кумтөрдүн” 74 пайызы “Центеррага” тиешелүү болчу. Ошондуктан мурда алар башкарып жүрүшкөн. Алар жаратылышты эл аралык нормаларга ылайык сактабай иштетип жатышкандыгына жана салыктарды толук төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу тышкы башкаруу киргизгенбиз. Алар бизди үч жакка – Торонтого, Нью-Йоркко, Лондонго эл аралык сотко беришти. “Кумтөрдүн” бүгүнкү турушу 3 миллиард доллар болчу, Кыргызстан тартып алды” деген дооматтарды кое башташты. Биз болсо дароо эле жаратылышты талкалаганыңар үчүн деп үстүртөн эле эсептеп, биз дагы “3 миллиард долларлык дообуз бар” деп кагаз жүзүндө жазып койдук. Аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикаларыбыз дагы так эмес экен. Кыскасын айтсам, “Ормон опуза” кылып, абадан алып эле жазып койдук.

Алар болсо ынанчу түрлөрү жок. Болбой эле соттордо алдыга кетип жатышты. Анткени алар кайсы соттон болбосун, жаратылыш үчүн биз бир тыйын утпашыбызды билишет эле. Себеби биздин мурдагы сатылма, шалаакы, кайдыгер чоңдорубуз, депутаттарыбыз мөңгүлөрдү талкалай берсеңер болот деп мыйзам кабыл алып беришкен. Мыйзамдаша келсек, чындык алар тарапта болчу. Анткени биздин эл душмандары кабыл алып берген мыйзамдар менен иштешкен.

Эмне кылыш керек?

“Коррупциялык жактан келтирген зыяндарын дыкат иликтеп чыккыла” деген буйрук бердим. Албетте, төлөбөй жүргөн салыктары чыкты. Аларды “Кумтөргө” төлөттүк.

Ошентип бир жыл бою талаш-тартыштар уланды. Сүйлөшүүлөр жүрдү.

Акыры алар ынанып, “Кумтөр” 100 пайыз Кыргызстанга өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз илгертен бери ала албай жүргөн 53 миллион доллар чет өлкөдө трасттык фонддо жаткан акчабызды Кыргызстанга котортуп алдык. Бул акча – “Кумтөр” токтогондон кийин жаратылышты калыбына келтирүүгө жумшала турган акча. Буга чейин чет өлкөдө бир банкта жаткан. 30 жылдан бери кайсы саясатчы “Кумтөр” темасын көтөрбөсүн, “Эмне үчүн чет өлкөлүк банкта жатат? Биздин банктарда сактагыла, биздин банктар пайдасын көрсүн!” дешип, ушул акча жөнүндө кеп кылышчу. Бирок биздин банктарга бир доллар дагы которуп бере алышкан эмес. Мына бүгүн Улуттук банкка келип түштү. Эми “Кумтөр” бүткөнгө чейин 53 миллион доллардын пайдасын биздин банктар көрүшөт. Мындан сырткары, бизге 50 миллион доллар компенсация төлөгөнгө макул кылдык. Дагы 11 миллион доллар былтыркы жылдын дивидендин алдык. Ошентип 61 миллион доллар дагы стабилизациялык фондго келип түштү. Эми бул акчага, буюрса, “Тамчы” СЭЗин курабыз.

“Акциябыздан эмнеге баш тарттык, 500-600 миллиондук акциябыз бар болчу” дешет. “30 жылда 30 тыйын дивиденд пайда албаган акциянын эмне кереги бар?” демекчимин. Биз “Кумтөрдү” алып кеткенден кийин андан да ылдый түшүп калды.

Ал акцияларыбыз жөн эле бир кагаз болуп калган.

Ал эми жаратылыш үчүн салган айып пулубуздан баш тартуу боюнча: “баш тартпайбыз” деп элүү жыл соттошсоң да, элүү тыйын ала албайсың. Муну көзү сокур, көөдөнү көр киши эле көрбөй турбаса, акылы тунук адамдардын баары көрүп турат. Мен жогоруда айтып өттүм. Өзүбүз күнөөлүүбүз, “жаратылышыбызды талкалай бергиле” деп мыйзам менен бекитип бергенбиз. Өмүр бою соттошуп жүрө бергиче, “Кумтөрдү” алып койгонубуз миң пайыз пайдалуу болду, “Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” дегендей. Мурда Кыргызстанга жылына 5 миллиард сомдун тегерегинде эле пайда берчү. Азыр салык, соцфонд жана башка төлөмдөр, таза кирешелер менен кошуп санасак, 50 миллиардга жакын сумма чыгат. Соттошуп жүрүп алмакпыз деген сумманы 4-5 жылда “Кумтөрдөн” эле чыгарып алабыз.

Эми алтын сатууга келели. Өлкөдөгү “Кумтөр” баштаган бардык алтын казылган кендерден алтынды “Кыргызалтын” аркылуу Улуттук банк сатып алат. Ал алтынды чет өлкөгө алып барып дүйнөлүк биржага сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турат. Ошентип айлануу процесси жүрүп турат. Кен казган мекемелердин алтынын сатып келип, акчасын берип турбаса, кендер кантип алтын казмак эле? Аларга асмандан акча түшөбү? Ошентип айланып олтуруп, жылдын аягында “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше казынага келип түшөт. Ар бир доллары көзөмөлдө болот. Улуттук банк, “Кыргызалтын”, “Кумтөр” – үчөө ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт баштары менен жооп беришет.

Бул жагынан элибиз эч кам санабай эле койсо болот.

Түшкөн пайдасынан эмгек акылар, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат.

Ал эми “19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур” деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Мындан ары билип жүрүшсүн. Өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат.

Эч ким мамлекетти алдай албайт.

Мурдагыдай тараза таппай коюп, көз өлчөм менен жөнөтүп жибердик деген заман жок азыр.

Дагы бир элге айтып койчу маселе, ошол эле инилерим “Кумтөрдөн” алтын уурдалып жатат” деп кыйкырышат. “Кумтөрдөн” бир килограмм алтынды биякка коелу, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт. Ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшат. Ар бир граммын таразага тартышат. Андан сырткары баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлган. Бул жагынан канадалыктарга баа берсек болот.

Ал эми “Кумтөрдү” иштетүүдө алтындан башка дагы бир топ иштер бар, күйүүчү май, тетиктерди, тамак-аш сатып алмай дегендей. Мына ушул жагынан уурдалышы мүмкүн. Бул боюнча “Кумтөр” бизге өткөндөн кийин Эсептөө палатасын жибергем. Текшерүүдө бул маселелер боюнча кээ бир материалдар базар баасынан өйдө сатып алынып тургандыгы аныкталды. Ошол үчүн “Кумтөрдүн” жетекчилигин алмаштырып, мындан ары “Кумтөрдү” мамлекет көзөмөлгө аларын түшүндүрүп, ар бир тыйын үчүн жооп берерин эсине салып, жаңы жетекчи койдук. Башкы прокуратура баштаган топ текшерүүнү улантмай болду. Бир ай убакыт бердим. Жыйынтыгын жалпы элге жарыялайбыз. Элден жашыра турган биздин эч нерсебиз жок.

— Жакында эле Жарлыгыңыз менен биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча чечим кабыл алдыңыз. Бул демилгеге карата реакция бир беткей болгон жок. Айрымдары “баягыдай эле дүжүрлөрдү чогултат” дешсе, башкалары “парламенттин ордун басабы?” дешүүдө. Оппозициядагылар болсо буга альтернативдүү курултай өткөрөбүз дешүүдө. Ушул институттун зарылдыгы канчалык эле, кененирээк айтып берсеңиз?

— Биздин Баш мыйзамыбызда курултай болуш керек деп так жазылып турат. Мурдагы Баш мыйзамыбызда деле бар болчу, бирок аткарылган эмес. Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынбай келген, анткени мурдагы депутаттар “биз турсак, Курултайдын эмне кереги бар?” дешип, кабыл албай келишкен. Бул парламент дагы ошондой ой менен кабыл албай жатабы, айтор, мыйзам өткөн жок. Ошол үчүн мен өзүмдүн Жарлыгым менен 25-ноябрга Курултай чакырдым. Буга толук укугум бар. Эмне үчүн 25-ноябрь? Анткени жыйым-терим бүтөт. Элдин баары бошогон убак болот. Дыйкандарга тоскоол болбосун дедим. Эч кандай мурдагыдай дүжүрлөр чогулбайт. Жергиликтүү бийлик делегат тандоого катышпайт. Айылдык кеңеш элди чогултат. Чогулган эл кимди шайласа, ошол адам делегат болуп келет. Ооз көптүрүп “дежурлар чогулат” деп сүйлөп жүргөндөргө айтарым, кайсыл жерде жашасаң, ошол жердеги чогулушка барып катыш. Эл шайласа, сен да делегат болуп келип, сунушуңду айт.

Ал эми “парламенттин ордун басабы?” деген сурооңузга, жок, эч кандай парламенттин ордун баспайт. Жылына бир жолу чогулуп, өкмөттүн, парламенттин бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарын угуп, аткарылган иштер боюнча өздөрүнүн көз караштарын айтып, алдыдагы жасала турган иштер боюнча сунуштарын берип, кайра тарап кетип турушат. Эмне үчүн мындай кылып жатабыз? 30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Экономикабыздын абалы кандай? Кантип көтөрсөк болот? Кайсы аймактарга жолдорду, кайсы аймактарга мектептерди, кайсы аймактарга завод-фабрикаларды салсак деген бир дагы демилге же сунуш жок. Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурдум. Интернет булактарынан кайталап көрүп чыксаңар болот. Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде Курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим.

Өлкөнүн булуң-бурчунан, ар бир айыл өкмөттөн келген жарандарыбыз ошол аймактарга кандай иштерди жасашыбыз керек экенин түздөн-түз сунуштарын берсин дедим. Курултай эки күн болот. Эркин микрофон болот. Каалаган делегат сүйлөсүн. Элден корко турган же жашыра турган эч нерсебиз жок. Колдон келишинче, бюджетибиздин алына жараша иштерди жасап жатабыз. Ооба, кемчиликтер дагы жок эмес. Баары эле жипке тизгендей дегенден алысмын. Кемчиликтерди дагы айтышсын. Андан биз кыйшайып кетпейбиз, тескерисинче, оңолобуз. Эгемендүүлүктөн бери чирип калган системаны акырындык менен четинен оңдоп келе жатабыз.

Ошентип, Курултай институтун киргизип алсак, мындан ары жыл сайын элдин алдына чыгып, аткарылган иштер боюнча маалымат берип, алардын сунуштарын угуп турсак бийлик жаман болбойбуз. Бийлик башындагылардын баары жыл сайын элге отчет берип көнүп калышат. Эгер мен жеке өзүмдүн жыргалчылыгымды ойлосом, убактым бүткөнчө мен деле жыргап алайын деп тынч олтура бермекмин. Антпестен системаны түзүп, салтка айлантып койсок, кийин ким президент болуп келбесин, жылда эл алдына чыгат. Ачуу-таттуу сөздөрдү түздөн-түз угуп турат. Антпесек, саясатчылар бир гана жеке кызыкчылыктары үчүн иштешет. Өз айылдарында бир эмес, эки мектеп турса да, үчүнчү мектепти салдырып алгандар бар. Мындай айылдар толтура. Ошол эле маалда кошуна айылында мектеп жок. Жол, ФАП, спортзал жана башка маселелер дагы ушундай. Кийин ошол айылдын колдоосун алышым керек деп иш кылышат. Мындан ары мындай болбойт. Кайсы айыл муктаж болсо,ошол айылдарга салынат. Айылдардан келген эл болсо түздөн-түз чындыкты айтышат. Ошолорду угалы.

Ал эми “альтернативдүү Курултай уюштурабыз” дегендер аман эле болсун эми.

5-6 жыл мурда депутаттыкка жетпей жүргөндө Курултай болуш керек деп кыйкырып жүргөн. Депутаттыкка жетип алгандан кийин Курултай мамлекетти талкалайт деп калыптыр. Муну эки жүздүүлүк деп коет.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Kabar

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: