Menu

ИИМ: “Азия Молл” соода борборунда “Тойота Камри” автоунаасына бекитилген РГД-5 гранатасы жараксыз экендиги аныкталды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында “Азия Молл” соода борборунун жер төлөсүндө “Тойота Камри” маркасындагы автоунаасынын алдынан  РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгенлиги аныкталган. Бул тууралу Бишкек ш. Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык РГД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо “баш тартуу” берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин ( Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: