Menu

Сүйүнбек Касманбетов: Күн сайын балдарды зордуктоо, алакачуу, мажбурлап никеге туруу, ур-токмокко алуу, оор жумушка салуу, кордоо, кодулоо, кемсинтүү, басмырлоо сындуу жосунсуз жоруктарга күбө болуп жатабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

“Коомубуздун алсыз катмарына, айрыкча эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-зомбулук кылмыштарынын кескин өсүп жатышы кооптондурбай койбойт. Күн сайын балдарды зордуктоо, алакачуу, мажбурлап никеге туруу, ур-токмокко алуу, оор жумушка салуу, кордоо, кодулоо, кемсинтүү, басмырлоо сындуу жосунсуз жоруктарга күбө болуп жатабыз. Кароосуз калган балдар дагы көбөйдү. Демек, тынчсызданууга толук негиз бар.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдардын алдында өзүнө балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир топ милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек.

Маселен, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кыздарды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары, 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага кертбашын коргоо ордери берилген. Ал эми жалпы коомчулукка билинбей, «колу сынса – жең ичинде катылуу» бойдон калганы канча…

Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызы тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен. А көрсө, көртурмуштун айынан аңги-деңги аласалып отуруп ушуга жетип калыппыз…

Жүрөктүн үшүн алып, ар кишини нес кылган мындай акмакчылыктын артында эмне турат? Балким бул жерде коомдук пикирдин эч нерсеге арзыбай калганы, аны менен кошо жандүйнөнүн жардыланышы, нарк-насилдин кеткени, каада-салттан чыкканы, таалим-тарбиянын, адамдык абийирдин, ар-намыстын жоктугу, акыл-эстин пастыгы бугуп жаткан болбосун? Мүмкүн!..

Дегеле, алсыз балага зордук-зомбулук көрсөткөн немени эч айоосуз жазалаш керек. Андай немени адам деп айтууга да ооз барбайт. Ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкан, жаш баланын тагдырына балта чапкан кишилер, айрыкча укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигинен тышкары калбашы керек. Алтурсун, педофилдерди ашынган кылмыш дүйнөсү да кечирбейт.

Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар же жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турат. Жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык.

Мына ушундай жагымсыз жагдайларды эске алуу менен, азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү болуп саналат. Программада камтылган иштиктүү жоболор менен бирдиктүү чаралардын тутуму эми колго алынат деген ойдомун.

Азыр түпкөтөрө чурулдап жаткан эл аралык уюмдар кийлигишип жатып, кезинде «кылмыш мыйзамдарын гумандаштыруу» урааны астында өтө оор кылмыштарга карата өлүм жазасын алдырып салганын, бир катар катаал мыйзамдык чаралар кыйла жеңилдетилген мөөнөттөр менен алмаштырылганын белгилей кетпесек, анда калыстыктан таптакыр тайган болобуз. Алтургай, айрым оор беренелер «бейбаштык» беренеси менен теңелип калган. Албетте, бузуш – оңой, куруш – кыйын!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мындай кыйчалыш кырдаалды алдыналуу максатында, ушул жылдын 8-августунда «Балдар жөнүндө» кодекске кол койду, ал 23-августан тартып күчүнө кирди. Жаңы кодекстин жоболоруна ылайык, балдарды зордуктаган жактарга карата кылмыштын өтүү мөөнөтү алынып салынды. Андай кылмыш жасаган адамдар мурда 11-15 жылга жазаланса, азыр 15 жылдан тарта өмүр бою камалуу жазасына тартылат.

Андан тышкары, балдарга карата оор кылмыш жасаган адамдарга ырайым берилбейт, психиатриялык оорканада дарылануусу жаза мөөнөтүн толук өтөөдөн бошотпойт. Ал эми баланын руханий-нравалык саламаттыгына доо келтирген кылмышкерлер дагы жаза мөөнөтүнөн мурда чыгарылбайт. Кыскасы, мындан ары мындай кылмышкерлердин аргандай жолдор менен жоопкерчиликтен кутулуусунун купуя эшиктери менен тешиктери биротоло жабылды десек болот.

Албетте, балдарга карата жасалган зордук-зомбулук кылмыштарынан ашкан күнөө жок, аны эч ким эч нерсе менен жактай да албайт, актай да албайт. Биз кимдир бирөөлөрдүн кылмыш менен мыйзамдын ортосуна арачы түшүүсүнө жол бербешибиз керек. Кылмыш фактыларынын ар бири кылдат иликтенип, мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлүп, алардын жүрүшү коомчулуктун көзжаздымынан тышкары калбоого тийиш.

Ардактуу замандаштар, “Балалуу үй – базар, баласыз үй мазар!” дейт, чын-чынына келгенде, бул дүйнөнү балжууран балалыктын шыңгыр күлкүсү гана көркүнө чыгарат. Мен силерди балдарга карата жасалган жосунсуз жоруктарга каршы күрөшүү жаатында биргелешип иш алпарууга чакырам! Бар бололу – бир бололу!”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: