Кечээ, 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев салбуурун боюнча майрамдык мелдештерге катышуу үчүн келген чет өлкөлүк спортчуларды тосуп алды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган спорттун түрү боюнча Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Монголия, АКШ, Чехия, Венгрия, Россия, Индия, Франция, Германия, Испания, Индонезия мамлекеттеринен спортчулар келишкен.
Эл өкүлү Максатбек Сарбагышев келген коноктор менен жолугушуп, байыртан келе жаткан салбуурун оюндарынын мааниси тууралуу ой бөлүштү. Муну менен катар спортчуларга ийгиликтерди каалап, спорт мамлекеттер аралык достукту, кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн тармактардын бири экенине токтолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ