Үстүбүздөгү жылдын 26-августунан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын киши колдуу болуп жансыз денеси жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар келип түшкөн.
Аталган факты боюнча маалымат 2022-жылдын 27-август күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп ишке керектүү тиешелүү материалдар чогултулуп алынган.
Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.
Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, шектүү катары, каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ