Menu

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагынына чыкканын ырастады. Анда судья ага карата козголгон кылмыш ишиндеги беренени жеңилдетип, “коррупцияны” “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга” алмаштырганы айтылат.

“Айыпталуучунун такай жашаган жери жана жаш балдары бар. Тек-жайы документтер менен такталган. Мындан улам анын бөгөт чарасы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөрдү”,-деп айтылат сот берген маалыматта.

Азат Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип ушул жылдын башында, 19-февралда кармалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, “Г.П.С.” ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени жазылган.

Узаковдун жакындары, адвокаттары ага карата козголгон кылмыш иши, кармалышы тууралуу комментарий берген эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: