Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү «С.Н.М.» кармалды.
Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен кармалган иштин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү “С.Н.М.” Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергоо камак жайына киргизилген.
Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ