Menu

УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды “Фейсбукта” жарыялаган «Э.Б.» аттуу жаран кармалды

Бөлүшүү:

КР МУКК тарабынан улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөдө жүргөндө «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Кыргыз Республикасынын жараны «Э.Б. аныкталды. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Э.Б.” жаранына карата  камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында жаран “Э.Б.” Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.

Ушул жылдын 7-сентябрында жаран “Э.Б.” КР КК 330 беренесинин 2 б. 1 п. боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: