Menu

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби болуп түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы саналат, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.

Акылбек Жапаров 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымдагандай, 8,5 га аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.

Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

«Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: