Menu

«Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси кыска метраждуу тасмаларды жана сериалдарды тартат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин  алдындагы «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 159 “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, улуттук киноискусствону андан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” ЧӨБ” ММ уставын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: