Menu

Алматыда кишинин жүзүн тааный турган видеокөзөмөл системасы киргизилет

Бөлүшүү:

Алматы бийлиги шаардык видеокөзөмөл системасына кишинин жүзүн таануу функциясын киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу калаалык акимчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Бул функцияны ишке киргизүү Алматыны 2025 жана 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасында каралган. Документке ылайык, 2025-жылга чейин шаарда 7 миңдей видеокөзөмөл камералары орнотулат.

“Каттоодо тургандар менен дайынсыз жоголгондорду ыкчам издөө, аэропорт, вокзалдар жана эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыздоо максатында 2026-жылдан баштап видеокөзөмөл системаларынын баарына видеоаналитика жана кишинин жүзүн таануу функциясы киргизилет”, – деп жазылган документте.

2027-жылга чейин Алматы бийлиги террорчулар оңой басып алышы мүмкүн болгон жерлерге жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдына видеокөзөмөл системаларын орнотууну кеңейтет.

Орусия бийлиги киши тааный турган системаларды жарандык активдүүлүктү басуу максатында көп пайдаланып келет. “ОВД-Инфо” кабарлагандай, мындай функциянын жардамы менен кармалгандар жана айыппулга жыгылгандар көп катталып жатат.

Москва шаарында жүз таануу функциясы бар 200 миңден ашуун видеокөзөмөл камералары орнотулган. Мындай системалар Кытайда да кеңири колдонулууда. Алматы шаарында кайсы өлкөнүн өндүрүшүнөн чыккан жабдуулар орнотулары азырынча айтыла элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: