Menu

Бишкекте “EXPO-2022” Эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-сентябрда “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу ректорлордун Дүйнөлүк форумунун алкагында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстандын ЖОЖдорунун “EXPO-2022” Эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун өкүлү, ЖОЖдордун ректорлору, окумуштуулар, бизнес-коомчулуктун жана чыгармачыл интеллигенциянын, эл аралык билим берүү уюмдарынын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышат.

Көргөзмөнүн максаты – студенттердин жана ЖОЖдун окутуучуларынын инновациялык иштеп чыгуулары топтоло турган инновациялык экосистеманы калыптандырууда жогорку окуу жайлардын ролун көрсөтүү. Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен чет мамлекеттердин ортосунда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат.

Көргөзмөнүн коноктору студенттердин көркөм, этно-зоналардагы жана стартап фабрикаларындагы чыгармачылык иштери менен таанышат. Ал эми студенттер эл аралык билим берүү уюмдары менен байланыш түзүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: