Menu

Кыргыз-тажик чек арасы: тараптар кошумча күчтөрдү алып кетти

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы 15-сентябрда кабарлагандай, Кыргызстан менен Тажикстан чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетти. Мунун алдында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү соңку жаңжалга байланыштуу жолугуп, кырдаалды жөнгө салууну макулдашкан.

Чек ара кызматынын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү, кандайдыр бир окуялар катталган жок.

Чек арадагы кырдаалга эки өлкөнүн күч кызматкерлерги биргелешип көзөмөл кылууда. Тараптардын чек ара кезметтери 14-сентябрда атышуу болгон тилкелерге коюлган жок.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы “Самаркандек” чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

“Озоди” радиосу ” өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

“Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады” деп жазды “Озоди” радиосу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: