Menu

Европа өлкөсүнөн экстрадицияланган, адам өлтүрүп эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер Бишкекке алынып келинди

Бөлүшүү:

Жакында эле, 2022-жылдын сентябрь айында КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Польшадан экстрадицияланган Кыргызстандын жаранын Бишкекке алып
келишкен.
Буга чейин Польшанын Пшемысль шаарында жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси боюнча издөөдө жүргөн 1986-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун туургуну Н.К., кармалган.
Ал, 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан кылмыш жасады деп айыпталууда. Ошол жылдын февраль айында белгисиз адамдар атуучу курал колдонуу менен чач тарачтын имаратында жергиликтүү тургунду өлтүрүшүп, изин жашырып качып кетишкен. Бир айдан кийин бул оор кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталган.
Буга чейин, кылмышка шериктеш болгон жаран ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган, ал эми Н.К. болсо изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн.
Польшанын аймагында кармалган жарандын экстрадициялоо маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чечилди.
Варшава шаарынын аэропортунда Польшанын полиция кызматкерлери аталган жаранды Кыргызстандын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
«Манас» эл аралык аэропортуна учак менен келгенден кийин кармалган жаран тергөө иш-чараларын жүргүзүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында, ыкчам кызматкерлеринин коштоосунда Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.
Сүрөттө кармалган адамга жолдо өзүнө өзү жаракат келтирбеши үчүн башына коргоочу атайын шлем (каска) кийгизилген. Аны Европа өлкөсүнөн ушундай тартипте тапшырышкан. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: