Menu

ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жокерлери кыргыз-тажик чек арасында күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов  Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын ишмердүүлүүгүн координациялап, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана  коомдук тартипти сактоо багытында бардык коопсуздук чараларын жүргүзүүдө.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Өздүк курам  тиешелүү каражаттар жана техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалып,  башка күч түзүмдөрү менен бирдикте кызмат өтөшүүдө.
Андан сырткары, коопсуз аймактарда элди  убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулгандыктан, Баткен ОИИБдин кызматкерлери  чек арадагы атышууга байланыштуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарынын жана Төрт-Көчө участкасынын, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарынын тургундарын көчүрүүгө жардам беришип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат.
Учурда  Баткен облусунун күч түзүмдөрү толугу менен коомдук тартипти сактоо жана кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: