Menu

Бишкектеги Медиа-штаб Баткендеги тастыкталган маалыматтарды ыкчам берип, чет өлкө ЖМКларына англис, түрк, орус тилдеринде маалыматтарды таркатууда

Бөлүшүү:

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынынын тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу Бишкекте Медиа-штаб иш алып барууда ( https://t.me/media_shab).

Штабдын башкы милдети күч органдарынын, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун расмий өкүлдөрү тарабынан тастыкталган, окуя болгон жерден маалыматтарды ыкчам берүү болуп саналат.

Чындыкка дал келбеген маалыматтарды аныктоо жана аларды четке кагуу максатында  маалымат талаасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, КР Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинде иштеп жаткан Штабдын милдетине жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн ЖМКларына англис, түрк жана орус тилдериндеги расмий маалыматтарды даярдап, таркатуу кирет.

Иштин бир бөлүгү социалдык түйүндөрдөгү платформаларга ыкчам маалымдоону колдоого багытталат.

Көрүлүп жаткан күч-аракеттердин негизги максаты өз убагындагы жана ишенимдүү маалымдоону камсыз кылуу, борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы маалымат кызматтарды түзүү жана алардын ишин координациялоо болуп саналат.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын тилкесиндеги кырдаал чыңалган бойдон калууда.

Коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу топтордун массалык басып кирүүсүнүн натыйжасында курман болгондор жана жабыркагандар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: