Menu

Алмаз Бейшеналиев, министр: Биз планетанын нугуна тоскоолдук жаратып, анын ден соолугуна зыян келтирсек, ал кайтып биздин ден соолугубузга сокку урат

Бөлүшүү:

“Биз планетанын нугуна тоскоолдук жаратып, анын ден соолугуна зыян келтирген болсок, ал кайтып биздин ден соолугубузга сокку урат”.

Мындай пикири менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Нью-Йорктогу БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде кошумча талкуу уюштуруп, коомчулукка кайрылуу жасады. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алгачкы жолу БУУнун деңгээлинде “Дени сак планета, дени сак мектептер, дени сак муун: Планетардык ден соолук түшүнүгүнүн негизинде билим берүүнү трансформациялоо” темасында атайын кошумча иш-чара өткөрдү. Анда Гарвард, Колумбия жана Стэнфорд университеттеринин профессорлору баяндама жасады.

БУУнун деңгээлиндеги иш-чараны уюштурууда Өзбекстан Республикасынын Билим берүү жана илим министри Агриппина Шин алгачкылардан болуп колдоого алды.

Алмазбек Бейшеналиев атайын иш-чарада планетанын ден соолугун билим берүү системасына интеграциялоо боюнча жеке демилгесин көтөрүп, аны дүйнөлүк күн тартипке киргизүү үчүн иш-аракеттерди жасоону улантарын билдирди.

Ошондой эле министр бул тема Кыргызстанга демилге жана имидж (бедел) алып келерин кошумчалады.

Дүйнө боюнча билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан саммиттин талкуусу учурунда Алмазбек Бейшеналиев планетанын ден соолугу менен адам ден соолугунун ортосундагы байланыш жана ал байланыштын маанилүүлүгү тууралуу кеп кылды. 

Министр акыркы учурдагы кырсык, оорулардын баары адамдардагы планетанын ден соолугу тууралуу маалымат-билимдин жоктугунан, илимий чөйрө, саясий коом жана жөнөкөй жарандар арасында бул жааттагы биргелешкен иш-аракеттердин болбогондугунан келип чыкканын белгиледи.

“Өтө тездик менен өнүгүп жаткан дүйнө айлана-чөйрөгө канчалык деңгээлде зыянын тийгизип жатканы тууралуу ойлонбой калды. Биз биргеликте илимий, саясий жана жарандык коомдун адамдарын чогултуп, өсүп келе жаткан муунга планетанын ден соолугунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүүбүз керек. Ал эми муну ишке ашыруу үчүн бизде бир гана күчтүү курал бар. Ал – билим берүү”, – деди министр. 

Бейшеналиев “Covid-19” пандемиясынын да келип чыгуусу адамдар тарабынан табиятка аёосуз жасалган мамиленин натыйжасы катары аныкталганын баса белгиледи. 

Билим берүү жана илим министри акыркы убактарда окумуштуулардын изилдөөсү боюнча суудан, абадан, топурактан, жада калса балыктан чыккан желимдин адам канынан да табылып жатканын айтып тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргыз элинде табият эненин көөдөнү, эненин курсагы менен салыштырылат. Эгерде энеси дени сак болбосо, бала кантип дени сак төрөлөт? Табияттын өзгөрүүсү эң алгач жарандардын ден соолугуна таасир этет. Айлана-чөйрөнүн кыйроосун токтотуу боюнча аракеттер өнүккөн өлкөлөр тарабынан эффективдүүрөөк колдоого алынат. Анткени алар бул жаатта тажрыйбага алгачкылардан болуп ээ болушат. Биз бул коркунучтарды азыр чечим кабыл алуу менен алдын алып, келечекте болтурбоого кепил боло алабыз жана биз муну планетанын ден соолугу тууралуу билим аркылуу жасай алабыз. Ушул себептен улам, биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Планетардык ден соолук альянсы катары, планетанын ден соолугу тууралуу билим берүү жаатында министрликтин демилгесин пландаштырып жатабыз. Айткыбыз келгени: Эгерде биз дени сак келечекти, дени сак келечек муундарды жана дени сак адамзатын максат кылып жатсак, анда дени сак планетаны артыкчылык катары коюшубуз керек. Бул максатка бир гана билим берүү аркылуу жете алабыз”, – деген пикирин билдирди Бейшеналиев.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен планетардык ден-соолук боюнча Альянстын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: