Menu

ИИМ: Айдоочунун күбөлүгүн сатуу боюнча интернет-дүкөн уюштуруп, кызуу иштеп жаткан алдамчы кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик каттоо кызматында расмий катталган айдоочулук күбөлүк сатып жүрүүчү белгисиз жактар боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына КР КЖКнын 209-беренесинин 1-п. 2-бөл. (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.
2022-жылдын 19-сентябрында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 22.10.2003-ж.т. И.А. аттуу жаран аныкталап кармалган. Ал алдамчылык аракеттер, атап айтканда, социалдык мессенджерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенгендигин айткан.
Ошону менен бирге акча каражаттар «О-Деньги» электрондук капчыгына түшүп, андан ары банктык картага чыгарылып турган.
Кароонун жүрүшүндө кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.
Белгилей кетсек, И.А. аттуу жаран аталган интернет-дүкөндүн  уюштуруучусу жана ээси болгон, азыркы учурда ал Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул интернет-дүкөндөн жабыр тарткан жарандарды КР ИИМдин БМЖКККга жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына кайрылуусун суранабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: