Menu

Жээнбек Кулубаев Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Жыйынга деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана БУУнун эң начар өнүккөн өлкөлөрү, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, чакан аралдардын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын эл аралык соодага толук кандуу катышууну жана COVID-19 пандемиясынан кийин натыйжалуу калыбына келтирүүнү камсыздоо үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоо менен, 2014-2024-жылдарга деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн Вена иш-аракеттер программасын ишке ашыруу ниетин ырастады.

Ошондой эле КР Тышкы иштер министри деңизге чыга албаган өлкөлөр менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн “жашыл” экономика принциптерин жана гидроэнергетика сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жээнбек Кулубаев деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобунун күн тартибинде тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуунун маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Ошону менен бирге, ал тиешелүү эл аралык демилгелерди илгерилетүү боюнча деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн өздөрүнүн ишинин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Мисал катары, Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын 2023-2027-жж. тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 5 жылдык планын ишке ашыруу боюнча резолюциясын кабыл алуу демилгеси тууралуу маалымат берди жана аны колдоп берүүнү өтүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: