Menu

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу барды

Бөлүшүү:

Түркияда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 30дай өнөр адамы да барды.

Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат.

Кыргыздын улуттук оюндарынын катарын толуктаган тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.

Мелдеш 2014-жылы алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрү да катышкан. Көчмөндөр оюндары 2016-2018-жылдары да жогорку деңгээлде белгиленген. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ушундан кийин оюнду өткөрүү эстафетасы Түркияга өткөрүлүп, 2020-жылдан бери пандемиялык шартка байланыштуу убактысы жылдырылып келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: