Menu

Улуу Британиядагы кыргыз элчилиги Лондон фондулук биржасы (LSE) менен биргеликте эл аралык капитал рынокторго чыгууга кызыкдар болгон кыргызстандык компаниялар үчүн вебинар өткөрдү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Лондон фондулук биржасы (LSE), Renaissance Capital финансылык консалтинг компаниясы жана Dentons финансылык-укуктук компаниясы менен биргеликте эл аралык капитал рынокторго чыгууга кызыкдар болгон кыргызстандык компаниялар үчүн вебинар өткөрдү.
Вебинардын жүрүшүндө катышуучуларга Лондон фондулук биржасы боюнча алгачкы ачык сунуштоо (IPO) процесси, еврооблигацияларды жана эл аралык баалуу кагаздар рыногунун башка инструменттерин чыгаруу боюнча кеңири маалымат берилди.
Вебинарда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси У.Джусупов ачылыш сөз сүйлөп, каржылык өнүгүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү, ар түрдүү эл аралык финансылык инструменттерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу үчүн кыргызстандык компаниялар үчүн бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Вебинардын жүрүшүндө кыргызстандык компанияларга өздөрүнүн суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Жолугушуунун жыйынтыгында дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгуу, ошондой эле улуттук баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Вебинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Фонд биржасы, Кыргызстандын фондулук биржасы – БТС, «РСК Банк», «Айыл Банк», «КыргызТелеком», «Манас Эл аралык аэропорту», «Кыргызиндустрия» өкүлдөрү ж.б. катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: