Бишкек, 3 октября 2022 – “Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмеси Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте “Green Nomads (Жашыл көчмөндөр)” долбоорун Кыргызстандын 13 университетинде баштоодо.
Иш-чаранын максаты – экологиялык маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, экологиялык маданиятты тарбиялоо жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун студенттери арасында жаратылышка кылдаттык менен мамиле кылуунун принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Демилге Европа климат дипломатиясы жумалыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Жаш изилдөөчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында кызыктуу жана интерактивдүү тренингдерди, мастер-класстарды жана семинарларды өткөрүшөт, буга кошумча глобалдык экологиялык кризистин көйгөйлөрү, себептери жана аны жеңүү жолдору, Европалык жашыл келишиминин күн тартиби (EU Green Deal), дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эң акыркы жашыл технологиялар жана жашыл айыл чарба жөнүндө сүйлөшүшөт, тышкары студенттер өткөн материалды чыгармачыл жол менен бекемдөө үчүн программага тематикалык оюндар киргизилген түзүлгөн.
Долбоордун алкагында бардык аймактардагы 13 университетке баруу каралган.
Төмөндө кампаниянын графиги:
№ | Дата | ЖОЖ | Аймактар |
1 | 03.10.2022 | Ысык-Көл мамлекеттик университети | Каракол ш., Ысык-Көл облусу |
2 | 04.10.2022 | Нарын мамлекеттик университети | Нарын ш., Нарын облусу |
3 | 07.10.2022 | Талас мамлекеттик университети | Талас ш., Талас облусу |
4 | 10.10.2022 | КЭАУ | Бишкек ш. |
5 | 11.10.2022 | КНУ | Бишкек ш. |
6 | 12.10.2022 | БМУ | Бишкек ш. |
7 | 14.10.2022 | КУАУ | Бишкек ш. |
8 | 17.10.2022 | КМТУ | Бишкек ш. |
9 | 18.10.2022 | КМКТАУ | Бишкек ш. |
10 | 19.10.2022 | КМУ | Бишкек ш. |
11 | 26.10.2022 | Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) | Баткен ш., Баткен облусу |
12 | 27.10.2022 | Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) | Ош ш., Ош облусу |
13 | 28.10.2022 | Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) | Жалал-Абад ш., Жалал-Абад облусу |
Облустук сапарлар аяктагандан кийин Бишкек шаарында “Green FEST” жыйынтыктоочу иш-чарасын уюштуруу пландаштырылууда, ага ар бир облуста өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган активдүү студенттик коомдун өкүлдөрү катышып, бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.
Green Fest ноябрдын башында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ