Menu

ИИМ: Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Ички иштер министрлигине Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын “Р” аттуу  кызматкери Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорун тез арада аяктап беремин деп 150.000 сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз менен кайрылган.
Аталган арыздын негизинде, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам  кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгында, ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен  80.000 миң (сексен миң) сом пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалды.
Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80.000 сом акча далил күбө катары алынды.
Пара алууга шектелген С.Р.  Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда, ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин  ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: