Menu

Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырды

Бөлүшүү:

“Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууга Тажикстандын ролун эл аралык иликтөөгө чакырды.

Укук коргоочу бул тууралуу 4-октябрда Варшавада өтүп жаткан Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Мамасалиева Тажикстанды Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салды деп айыптап, чек арадагы кагылышууга Орусиянын да таасири бар деген пикирин билдирди.
“Тажикстан былтыр апрелдеги куралдуу кол салуусунда Кыргызстандын он жай тургунун туткунга алган. Алардын тажик аскерлери жана милициясы тарабынан түрдүү кыйноолорго кабылганын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарыгерлери жана юристтери тастыктаганына карабай, бул ишке алигүнчө баа бериле элек. Быйыл, сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына алдын ала даярданып кол салды. Бул аракети менен Тажикстан Кыргызстандын элин мекендеп келген жеринен сүрүп чыгаруу максаты бар экени ачык билдирди. Биз Тажикстандын бул баскынчылыгы постсоветтик аймактагы айрым өлкөлөр – Украина жана Грузия кабылып жаткан аскердик жаңжалдар менен байланышы бар деп эсептейбиз. Бул демократия багытында өнүгүү жолун тандап алган өлкөлөргө баскынчылык. Биз ЕККУну Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү демилгелөөсүн суранабыз”, – деди Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева ЕККУну кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараяндарында ортомчулук кылууга чакырды.

АКШнын Тажикстанга терроризмге каршы күрөшүү үчүн берген курал-жарактарды тажик тарап Кыргызстанга баскынчылык кылууга колдонбошун көзөмөлгө алынуусун өтүндү.

Жыйынга катышып жаткан дагы бир кыргызстандык укук коргоочу – “Артикл9” укук коргоочу ассоциациясынын мүчөсү Айдар Сыдыков да кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга эл аралык баа берилиши керектигин көтөрдү.

Тажикстандык укук коргоочу, учурда эмиграцияда жүргөн Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Дүйшөмбүнү бир тараптуу айыптоого болбосун айтты.
Варшава шаарында ЕККУнун адам укуктарына арналган жылдык жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандан бир катар бейөкмөт уюмдар катышууда.

16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Кыргызстан тараптан 63 адам мерт болгону расмий кабарланды. 206 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.
Бул жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда кыргыз тарапты айыптаган билдирүү жарыялаган.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жараат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Расмий Дүйшөмбү чыгымдар тууралуу билдирүү жасаган жок.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: