Menu

Алмаз Кулматов, тарыхчы: “Документтерге таянсак Кемпир-Абад совет доорунда да, андан кийин да талашсыз Кыргызстанга таандык болуп келген, азыр бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы чек араны тактоого болгон умтулуу жакшы. Эки тарап түрдүү деңгээлде жана форматта кезигип, документтер макулдашылып, протоколдорго кол коюлуп, кыскасы мындай учурларга мүнөздүү стандарттык аракеттер жасалууда. Болсун, кубаттайбыз. Бирок ошол макулдашуулардын жана документтердин мазмуну тууралуу коомчулукка маалымат толук, так берилбей, айрым учурда бурмаланган кабарлар басымдуулук кылгандыктан, түшүнүксүз жагдайлар, бүдөмүк ойлор жаралууда.

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун кечээ Өзгөнгө барып, эл менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкелери боюнча соңку макулдашууларды түшүндүрүү болгон изги аракети жеткиликтүү маалымдалбай калгансыды. Басма сөзүнөн кеттиби, башкасынан кеттиби, айрымдардын не каңырыш укканы, не натуура түшүнгөнү белгисиз, айтор ар кандай пикирлер айтылууда. Айрыкча Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түрдүү кеп, түркүн пикирлер. Эл ичинде ошол уу-дуу кеп арасында негедир Кемпир-Абад тээ өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары өзбектерге берилип кеткен экен, биз ордуна жер алыптырбыз деген түшүндүрмөлөр да айтыла баштады. Бизде болгон документтерге таянсак, Кемпир-Абаддын Кыргызстанга таандык экендигин совет доорунда жокко чыгарган жагдай жок экен. Эки республика эгемендик алган соң Кыргызстанга таандык бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз.

Союз ыдыраган соң респубикалар СССРдин курамындагы кезибиздеги чек араларыбызды тааныйбыз, бири бирибизден жер талашпайбыз, аныкталган чектен чыкпайбыз, кокус чарбалык шарттардан улам тактала элек административдик-территориялык маселелер болсо эки тараптуу макулдашуунун негизинде аныктап алабыз деп макулдашкан экен. Бул универсал эреже, дүйнөлүк тажрыйба, эл аралык укуктун жобосу. Республикалар ортосунда алкактык документтер, декларациялар, ратификацияланган документтер, эки жана көп тараптуу келишимдер да ушул принципке таянат. Эгемендүүлүк кездеги ачык документтерде Кемпир-Абад такталбаган тилке катары көрсөтүлбөгөн. Кокус жаза тайып, мурдагы президенттер тушунда андай документ болсо, ак чөп башта.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Туура. Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбек ССРинин демилгеси менен курулган. Ал кезде кубаттуу мамлекет СССР үчүн пахта стратегиялык сырье, кирешелүү продукт болгондуктан Өзбекстандын пахта аянтын кеңейтүү максатында бир топ гидротехникалык объектилер салынат. Анын ичинде Кемпир-Абад. Бул суу сактагычка суу Кара-Дарыя,Тар, Кара-Кулжа дарыяларынын кошулган жерине курулган тосмо менен топтолот. Маселе 1962-жылы козголуп, 1973-жылы курулушу аяктаган. Суу сактагычтын аянты 4400 гектар. Долбоорлонгон сыйымдуулугу 1,7 куб километр. Азыр 1,9 куб километр деп жүрүшөт. Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин компартияларынын Борбордук комитеттеринин жана министрлер кеңештеринин биргелешкен токтомунун долбоорунда Кемпир-Абаддын курулушу, сууну пайдалануу шарттары жана милдеттенмелери так көрсөтүлгөн. Кемпир-Абаддын курулушу боюнча Өзбекстан милдеттенмелери так белгиленген.

Жер боюнча гана жоболорго токтололу. Ошол документтин 7-пунктунда “Суу астында кала турган жер үчүн компенсация катары Өзбек ССРи төмөнкүлөрдү Кыргыз ССРине берет (текст орус тилинде, сөзмө-сөз которулду):

а) Үч-Коргон районунан Үч-Коргон шаарынын чыгыш тарабындагы, Нарын дарыясынын сол жээгиндеги, БФКнын башкы тилкесинен жогорку жайгашкан, Кыргыз ССРине чектешкен жерден 2340 га айдоо аянтын;

б) Наманган районунан Чуст каналынын жогору жагында Ала-Бука районунун “1-Май” колхозунун жерлерине танапташ жайгашкан жерден 1,1 миң га сугарылбаган аянтты;

в) Мархамат районунан XII партсьезд атындагы каналдын жогору жагында, Араван районунун Төө-Моюн капчыгайына чектеш жерден 1,2 миң га аянтты”.

Эч бир жерде Кемпир-Абад Өзбекстанга өтөт деген шартнама жок. Өзбек ССРи Кыргызстандын аймагындагы кыргыз дарыялары кошулган жерде, Кыргызстанга караштуу суу сактагычтын ордуна компенсация катары канча аянт суу астында калса ошончо жер берет тургандыгы даана жазылган. Бирок суу сактагыч же суу сактагыч курула турган аянт (4400 га жер) Өзбекстанга биротоло берилет деген сөздөр документтерде кездешпейт.

Өзбек биринчи катчысы Ш. Рашидовдун Т. Усубалиевге жазган каттарында мурдакы макулдашууларды аткара тургандыгын бышыктайт. Тескерисинче, эки тараптуу ошол документтерде Өзбек ССРи өз эсебинен Бүргөндү массивин өздөштүрүүгө (8 миң га) шарт түзө турган Солжээк каналын жана башка ирригациялык объектилерди курат, суу сактагыч жайгаша турган жерден көчүрүлгөн үйлөрдүн, чарбалык объектилердин курулушун камсыздайт деген сыяктуу ондогон милдеттенмелерди алган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын астында 5,7 миң га жер, 11 кыштак, 985 турак-жай, 135 мамлекеттик жана чарбалык имарат, Өзгөн-Жалал-Абад жолдору, гидротехникалык жана башка объектилер калган. Кийин Өзбекстан аларды куруп берүү милдетттенмелерин аткарган эмес. Кыргызстандын жетекчиси Т. Усубалиев Өзбекстандын биринчи катчысы Ш. Рашидовго бир нече жолу кайрылган. Ал СССРдин долборлоо, пландоо институттарынын эсеби сиз көрсөткөн эсептерден башкача айтып жатат, тактайлы деген шылтоолорду айтып келген. Москвага таянган Ташкент суу сактагычтын курулушуна байланыштуу эки республиканын ортосундагы чек араны анча-мынча өзгөртүү маселесин кое баштаган. Бирок, кыргыз бийлиги буга макул болбойт.

1973-жылы 20-февралда Кыргызстандын Министрлер Кеңеши кабыл алган токтомдо өзбек тарап берген жерлерди кабыл алуу тууралуу чечимди бекитет. Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аянтка байланыштуу чек араларды айрым жерлерде өзгөртүүгө жол бербөө чечимин кабыл алган. Ошентип Фрунзе чек ара маселесин Кемпир-Абадга жакын жолоткон эмес. Өзбек тараптын напсиси арта баштаганда Кыргызстандын жетекчилиги ижарага алган жайыттарды кайтарууну, Токтогул, Касансай, Керкидон суу сактагычтарынын курулушу үчүн компенсация катары Өзбекстан тарап берүүгө милдетттенген жерлерди берүүнү талап кылган.

Өзбек ССРинин демилгеси менен СССРдин колдоосу астында курулган Токтогул, Кемпир-Абад, Керкидон, Касансай (Орто-Токой деп да аталат) суу сактагычтары, Керкидон жана Ала-Бука каналдарын жалпысынан Кыргызстанга караштуу 40 миң гектар аянтты ээлейт. Макулдашууларга карабастан Өзбекстан ушунча жердин болгону 5 миң гектарын (анын ичинен 2,4 миң га айдоо аянты) компенсация катары Кыргызстанга берген. Калганы компенсацияланган эмес. Азыр да талап кылына турган маселе. Эми да аргумент.

Канча жер кимге берилген?

А жогоруда аталган жерлерден кийин Кыргызстанга кай жерден канчасы өткөн? 1973-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калган жерлер үчүн компенсация катары Наманган облусунан 2663 га, Касансай суу сактагычынын астында калган жер үчүн Фергана облусунан 1013 га аянт Кыргызстанга берилген (Т. Усубалиев. “Вода – дороже золота”, 197-бет). Бул жерлер Министрлер кеңешинин чечими менен кабыл алынган, түшүндүрмөсү бар.

Турдакун Усубалиев Жогорку Кеңештин депутаты кезинде сууга ээлик кылуу жана пайдалануу маселелеринин тарыхый, укуктук, табигый, социалдык-экономикалык, саясий шарттарын кашкайган аргументтер менен көрсөтүп, азыр талашка түшкөн Кемпир-Абад боюнча документтердин көчүрмөсүн да тиркеген экен. Дагы бир ирет тактап коелу, бизге берилген аянт Кыргызстанга таандык суу сактагычтын астында калган, Кыргызстанга тиешелүү жер үчүн компенсация. Кемпир-Абаддын өзү үчүн же анын ордуна берилген эмес. Эгерде мурдакы документтерде кенедей эле илинчеги болгондо өзбектер алып коймок.

Макул дейли, Кемпир-Абад суу сктагычынын жалпы аянты 5,7 миң га жер эмес, Усубалиев жаңылышат, ошол кездеги документтер ката деген күндө да азыркы эсеп боюнча 4400 га аянттын ордуна компенсация катары 2663 га аянт бизге берилген. Касансайдын компенсациясы үчүн берилген 1013 га кошкондо да болгону баары биригип 3676 га жер бизге берилиптир. Кийинчерээк Касансай суу сактагычын курууда суу астында калган жердин компенсациясына бериле турган 700 га жердин 125 гектар берилиптир.

Андан кийинки документтерде деле Өзбекстан бизге жер бербептир, биз Кемпир-Абадды бере турган болбоптурбуз. Болду. Документтер боюнча ушундай. Ал эми Кемпир-Абадга байланыштуу документтерде Кемпир-Абад курулат, курулган соң Өзбекстандын карамагына өтөт, ордуна Кыргызстанга 4400 га жер берилет деген макулдашуу, шарт, жобо кезикпейт. Каяктан жүрүп Кемпир-Абад талаштын предметине айланганы белгисиз, айрымдар шилтеме кылган жетимишинчи жылдардагы документтердеги аянттар менен азыр пайда болгон аянттардын арифметикасы түшүнүксүз.

Соңку 31 жыл ичинде эле жашыруун документ болбосо, Кемпир-Абад 4400 га, анын ордуна 1973-жылы 4100 га берилген деген түшүндүрмөгө (https://ru.sputnik.kg/20221004/chto-izvestno-kempir-abadskoe-vodokhranilische-1068624223.html) ошол 1973-жылдагы жана андан кийинки документтерде негиздеме табылбайт. Өзбекстан ошол кездеги расмий документтерде Кемпир-Абадга дооматын арткан эмес. Кыргыз-өзбек чек арасын биротоло чечүү максатында жетишилген макулдашууларды (протоколдор, келишимдер жана башка документтер) көбүбүз билбейбиз.

Окубасак да оюбузду айтат болбойлу. Бирок өзбек тараптын Кемпир-Абадга дооматы болгондуктан жогорудагыдай түшүндүрмө болуп жатса керек. Эгер андай дооматы болсо, анда жогорудагы биз мисал кылган документтер “биз Кыргызстанга жерди бергенбиз, милдеттенмелерди аткарганбыз, эми Кемпир-Абад бизге бергиле” деген маанидеги өзбек тараптын дооматы курулай экенин тастыктап турат. Ошол кезде алынган жана берилген жерлер, гидротехникалык жана башка курулуштар менен компенсацияланган аянттар тарыхый булактарда так көрсөтүлгөн. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы совет доорундагы документтердин баарында Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык экени белгиленип турат.

Булак: ВВС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: