Menu

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы КМШнын бейрасмий жыйынына барбайт

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт.

Бул тууралу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден “Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн” берилгени жазылган.

5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, “сыйлык “күнөөлүүнү” тапты” деп жазган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарган.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны “масштабдуу аскердик кагылышуу” деп атап, Тажикстанды “бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады” деп айыптаган. Андан көп өтпөй тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп, айыптоолорду четке каккан.

Кыргызстан бул куралдуу кагылыштан 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: