Menu

Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили башталып, форель балыгын браконьерлерден коргоо иш-чаралары жүрүүдө

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили башталанга байланыштуу,  Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык кызматкерлери жана Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу жана Даркан айылдарынын жаш актив тургундары менен биргеликте, эки айылдын  ортосунда жайгашкан «Кашат» кичи суусунда балыктарды куткаруу иш-чаралар жүргүзүлдү. 

Кээ бир балыктардын түрлөрү урук чачуу үчүн көлдөн агын сууларга же агын суулардан көлгө барышат. Ошондуктан балыктардын урук таштоочу жерлер тоо суулары болуп саналат. Тилеке каршы көбүнчө балыктар көздөгөн жерине, башкача айтканда, урук таштоочу жерге жетпей калат. Мунун негизги себеби, агын сууларда суунун азайышы.  

Ушул учурларда, браконьерлер атайын пайдаланып, форель балыктарын урук чачууга чейинки мезгилде агын суулардын жээгинен деге сайып кармашат.   Ушундан улам, балыктардын ар түрдүлүгүн сактап калуу максатында, милиция кызматкерлери жана айылдын жаштары агын суу менен урук чачууга бараткан балыктарды торлор менен тозуп, алдын ала даярдалган  кычкылтек жана суу менен каныккан атайын идишке жайгаштырылып,андан соң дароо эле тоо суулардын башатында балыктар сууга койе берилген. 

Буга чейин туристтик-экологиялык кызматкерлери тарабынан, балыктардын миграциялык жолдордон коопсуз өтүшү үчүн акваториядагы браконьерлердин торлорунан толук арылтуу боюнча иш-чаралары жүргүзүшүп келген жана бул багыттагы иштер дагы да эле уланып күчтөлүүдө.

Бул терс көрүнүштүн себептеринин бири, албетте, акыркы жылдары Ысык-Көлдө браконьерликтин күчөшү. Орточо алганда, урук чачуу мезгили эки жумага созулат. Ушул тапта суу сактагычтарга рекреациялык балык уулоого чектөөлөр киргизилет, аларды бузуу, айып салуу түрүндөгү жазага алып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: