Menu

Быйыл Кыргызстанга 200 миңге чукул орусиялык жаран келди

Бөлүшүү:

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 258 орусиялык жаран келди. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берген.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстанга келгендердин жана жарандык алууга арыз бергендердин саны көбөйдү.
“Быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30% көп. Былтыр тогуз айда Орусиянын 385 жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, 226 адам жарандык алса, быйыл 1631 адам арыз берип, анын ичинен 603 киши кыргыз жарандыгын алды”, – деди Сардарбеков.
Президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрдагы жарлыгы менен 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргызстандын жарандыгы берилген. Президенттин басма сөз кызматы алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: