Menu

Тогуз-Торо милициясы мал ууруларды кармады

Бөлүшүү:

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 20-июль күндөрү 1 баш “Ангус” пародасындагы базар баасы 150 000 (бир жүз элүү миң) сомдук букасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты Тогуз-Торо РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Тогуз-Торо милициясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектелип, Тогуз-Торо районунун тургундары 1984-ж.т. К.Э., 1995-ж.т. К.Ж., 1996-ж.т. М.А. жана 1997-ж.т. Б.А. кармалышкан. 2022-жылдын 9-октябрында шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы Тогуз-Торо райондук сотунда каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: