Menu

Иштамберди кениндеги көмүр кычкыл газына уулануунун себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына Иштамберди кенинде жайгашкан «Full Gold Mining» компаниясынын алтын кен щахтасындагы көмүр кычкыл газы менен уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырды.

Окуянын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине объектидеги коопсуздук техникасынын сакталышы жана аны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары, ведомствого кен казуу иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды кыйшаюусуз сактоо боюнча чечимди Министрлер Кабинетинин жыйынына киргизүүсү тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошондой эле белгилей кетсмек, «Full Gold Mining» компаниясы курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамды көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: