Menu

Кыргызстан көмүр экспорттоого убактылуу тыюу салат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынууда.

Ибраев Бишкек Жылуулук электр станциясына көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялоого үлгүрө электигин, ошол себептүү “Электр станциялары ишканасы Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун белгиледи.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде 242 миң тонна көмүр камдалган. Былтыр ушул маалда 251 миң тонна көмүр түшүрүлгөн.

Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандын энергетикалык объектилери жылуулук сезонуна 1-ноябрга карата даяр болуп калат. Бүгүнкү күндө иштин 90% бүтүп калды.

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлүнгөнүн, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: